Коом

ИИМ зордук-зомбулукка каршы иштерди жүргүзүүдө

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын жашоочулары менен мектеп-комплексинин окуучуларына укуктук маанидеги маектешүүлөр өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМ Басма сөз маалыматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековдун “2020-жыл региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги тарабынан демилгеленген калк менен жолугушуу максатында ИИМдин көчмө кабылдама пункту уюштурулган.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын көчмө кабылдама пунктунун жардамы менен ишке ашууда. Бул багыттагы иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн ырааттама түзүлүп, кезектеги эл менен жолугушуунун жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагынын жашоочулары жана жергиликтүү Жаңы-Жер орто мектеп-комплексинин окуучулары менен жолугушуу жана укуктук маанидеги окуу-маектешүүлөр өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы, милициянын полковниги Н. Адылова, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башкы инспектору, милициянын полковниги Т. Алижанов жана ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын инспектору Б. Мажикеевдер тарабынан өткөрүлүп, иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу, анын ичинде жашы жете электерге карата жасалган ар кандай укук бузуучулар, кылмыштуулук жаатындагы укуктук маанидеги видеороликтер жана түшүндүрүү ирээтиндеги укуктук маанидеги окуу-маектешүүлөр өткөрүлдү.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button