Коом

Ала-Тоо аянтынан митингден кийин бир тоннадай таштанды чыгарылды

Ала-Тоо аянтынан митингден кийин бир тоннага жакын таштанды чыгарылганын “Тазалык” ишканасы билдирди.

Ага ылайык, аянтты 23 жумушчу менен 2 атайын техника тазалаган. Муниципалдык ишкана жарандардан таштанды челектерин өрттөбөөгө чакырат.
2-мартта Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун колдогондор чогулуп, митинг кылып, бийликтен Жапаровду актап, абактан чыгарууну талап кылышкан. Бирок алар убактысы аяктаганда митингди бүтүрбөй, акырында аларды укук коргоо органдары күч менен кууп таратты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button