Түштүк Кореядан келген кыргызстандын 21 жараны карантинге киргизилгенин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымат боюнча 5-мартта саат 15:50дө Сеул – Алматы каттамы менен 197 киши келген. Алардын 21и Кыргызстандын жараны.
“Аларды Алматы шаарынан алып келинип, карантинге киргизилди. Алардын бардыгы тийиштүү процедурадан өтүп жатат. Абалдары канааттандырарлык”, – деп министрликтин маалыматында жазылган.
Акыркы кабарлар боюнча Түштүк Кореяда 6,3 миң кишиге коронавирус жукканы аныкталып, 42 киши каза болгон.
Abal.kg