ЖК депутаттары да карантинге кеткенби, жумушка келбей коюшту

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйыны депутаттар келбей койгондуктан болбой калды.

Жыйынга болгону депутаттар Тазабек Икрамов, Евгения Строкова жана төрайым Гүлкан Молдобекова гана келди.

Бирок төрайым 15 мүнөттүк тыныгуу жарыялагандан кийин да башка депутаттар келген жок. Ошентип комитеттин жыйыны болбой калды.

Бүгүнкү күн тартибинде бул маселелер каралмак:

1. “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу (экинчи окуу)

2. “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу (экинчи окуу)

3. “Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Үй-бүлө кодексине, Балдар жөнүндө кодексине, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык эсепке алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу (экинчи окуу)

4. “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

5. Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД боюнча профилактикалык программаларды ишке ашыруу жана алардын эффективдүүлүгүн жогорулатууда парламенттин ролу жөнүндө

6. Кыргыз Республикасындагы дерматокосметологиянын абалы жөнүндө

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 4-апрелиндеги П№ 326-VI, 2019-жылдын 17-октябрындагы П№ 383-VI жана 2019-жылдын 25-декабрындагы П№ 407-VI протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө

8. Ар кандай маселелер

Abal.kg