Дүйнө

Путиндин президенттик администрациясынан коронавирус жуктурган кызматкер табылды

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков президенттин администрациясынын бир кызматкери коронавирус менен тумоолоп калганын бышыктады. Бул туурасында News.mail.ru малымдады.

Ким экенин пресс-катчы тактаган жок. Анын сөзүнө караганда ооруган кызматкер президент Владимир Путин менен контакта болгон эмес.

«Администрацияда  коронавирус табылганы чын. Бул чындыкка туура келет.  Эми  аны андан  ары жайылтпаштын санитардык  жана эпидемиологиялык чаралары көрүлүп жатат», — деп кошумчалады Песков.

 Андан бир аз мурдараак эле РБК менен «Ведомости» өз маалыматтарына таянышып, биринчи тестирлөөдө Россиянын президенттик администрациясынын бир же  эки  кызматкеринен коронавирус табылган деп билдиришкен.  Бирок анда расмий бышыктоо болгон эмес.

Коронавирус COVID-19 Россияда:

-жугузганы — 1 036;

-каза тапканы —3.

-айыкканы — 45.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button