Бир жашка чыга элек наристе коронавирустан көз жумду

Бул окуя американын Чикаго шаарында болду.

«Бүгүн менде өтө үрөй учураарлык кейиштүү кабар бар. Акыркы 24 сааттын ичинде көз жумгандардын арасында, мамлекетик кызматкер, социалдык кызмат  Департаментиндеги биздин команданын мүчөсү жана кичинекей наристе бар», — деп айтты Иллинойс штатынын губернатору Джей Прицкер. Бул туурасында Independent жазып чыкты деп, Lenta.Ru билдирди.

Мындан бир аз мурдараак эле Нью-Йоркто, төрөлгөнүнө үч жума болгон баланын вируска чалдыкканы кабарланган. Ымыркай бир нече күн ооруканада жатып айыгып, үйүнө чыгарылган.   

Эксперттер балдардын коронавирус менен ооруп жатканы, алар да бул илдеттен четте кала албастыгын, демек биринчи кезекте ата-энелер кичинкейлердин өмүрүн тобокелге салып, аларга инфекция жугузуп алуудан өтө сак болуш керек экенин билдирет деп эскертишүүдө.   

Коронавирустан көбүнэсе улгайган кишилер жабыркайт деген карандай миф экенин, азыр Италиянын ооруканаларына, айрыкча Ломбардияга  20−30 жаш курактагы жаштар өтө оор абалда жык-жыйма түшүп атканын 21-мартта Италиянын врачы айтып чыккан.

Джонс Хопкинс университетинин долбоорунун маалыматтарына караганда АКШда  124 миңден ашуун киши тумоо жугузуп, 2 миңден ашыгы көз жумуп, миңи айгып чыкты.  

Abal.kg