Эмне үчүн Белоруссияда карантин жок, ооругандар аз?

“Жалпы европалык картинадан Белоруссия дароо бөлүнүп турат: иш  жүзүндө карантин жок, жугузгандар да аз, а көпчүлүгү айыгып кетишти. Тестирлөөнүн саны боюнча да бул өлкө алдыда”, деп, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ВОЗ) Европалык Союз жана мурдагы СССР мамлекеттери боюнча атайын  өкүлү Витянис Андрюкайтис менен азыркы пандемия туурасында кеңири аңгемелешүүсүнүн учурунда «Лента.ру» маалымат агенттигинин корреспонденти суроо салган.

Витянис Андрюкайтис:

Мен Белоруссиялык коллегаларыма ыраазымын, анткени аларда гриппке каршы вакцинациялоо өтө бийик деңгээлде. Ушунун натыйжасында, азыркы учурда медиктер үчүн Covid-19ду реалдуу жугузгандарды аныктоо жагы өтө кыйын болуп жаткан инфекциялык коктейль, бүдөмүк картина  жок. Экинчиден, Белоруссияда ушул кезге чейин Советтер Союзундагы санитардык –эпидемиологиялык система иштеп жатат. Чынын түз айталы: СССРде бүт баары эле жаман боло берген эмес. Бул пропаганда.

Коореспондет: “Бирок иш жүзүндө абал таптакыр башка, а бийлик чындыкты жашырып жатат деген пикир бар…  

Витянис Андрюкайтис:

Профилактика менен санитарлык кызматтар совет доорунда өтө интенсивдүү иштеген, ошондуктан диагноз коюуга кеңири мүмкүнчүлүктөрү болбогондугуна жана заманбап сапаттуу жабдыктар менен жабдылбагандыгына карабастан, көптөгөн коркунучтарды алдын ала болтурбай коюуга күчтөрү жеткен. А  Белоруссияда так ошол система бүгүнүкү күнгө чейин иштеп жатат. Азыркы абалда бул факт вирусту ооздуктоого аларга жардам берүүдө.

Белоруссияны Швеция менен Түштүк Кореянын үлгүсүндө иштеп жатат десе болот.

Андан сырткаары, ошол эле Италия менен Испания караганда Белоруссия жабык өлкө. Зарылчылык боло калса, патогенди өлкөгө алып кире турган туристтик агымды иликтеп туруу бир кыйла жеңил.

Abal.kg