Коом
Кыргызстанда коронавируска чалдыккан дагы 10 адам катталды. Баары 94 кишиге жетти
Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган дагы 10 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Коронавирус илдетине чалдыккан жаңы 10 бейтап Жалал-Абад областында аныкталган.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 94 кишиге жетти. Булардын арасынан Жалал-Абад областынан 3 адам айыгып чыкты.
Abal.kg