Коом

Бишкектин көчөлөрүндө чакмак чийиндер чийиле баштады

Алар жакынкы убакта төмөнкү жерлерде пайда болот: 

▪️Манас — Чүй 

▪️Манас — Киев 

▪️Манас — Токтогул 

▪️Манас — Москва 

▪️Манас — Бөкөнбаев 

▪️Чүй — Тоголок Молдо 

▪️Исанов — Токтогул 

Бул пилоттук режим. Мэрия мындай жол менен тыгындарды жана жүрүү кезегин азайтууну көздөп жатат. 

Чакмак чийиндерде унаа 5 секунддан көпкө турбашы керек жана башкалардын жолун тосуп туруп албашы керек. “Коопсуз шаардын” камералары эреже бузгандарды тартып алат. Бирок жөө жүргүнчүнү өткөрүп жиберүү же солго бурулуп жаткан каршы тилкедеги унааны өткөрүп жиберүү үчүн токтогонго уруксат берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button