АКШда коронавирустан 200 миң кишинин курман болоору күтүлүүдө

Америка Кошмо Штаттары коронавирус жуктургандардын саны боюнча биринчи орунга чыкты. Бүгүнкү күнгө карата 124 миңден ашуун киши сыркоолоп жатат.

Жакынкы күндөрдүн ичинде пандемиянын мындай темп менен өөрчүшү Америка Кошмо Штаттарында 200 миңге жакын кишинин көз жумаарына алып келиши мүмкүн экенин Евроньюс кабарлап жатат. Мындан бир нече күн мурда эле АКШнын башкы хирургу Джером Адамс үйүңөрдөн чыкпагыла деген бийликтин рекомендациясын кенебей атышкан мекендештерин катуу сындап «Мен Америка эсине келсин деп атам, ушул жумада баары аябай жаман болот» деген эле. Врачтын айтканы чындыкка айлана турган болуп калды.

Мындай катастрофаны токтотуш үчүн Америка Кошмо Штаттарында жапырт карантин, изолияциялоо сыяктуу кескин иш-чараларды кабыл албаса, абал жакынкы арада өтө оордошуп кетээри, тумоонун жаңы эпицентри Америка болоору айтылууда. АКШнын президенти Дональд Трамп бир чети “биздин медицина дүйнөдөн баарынан мыкты”, деп, илдет менен күрөшүүгө өлкөнүн күчү толук жетээирне ишенсе, экинчиден экономиканы кыйратып албоо үчүн изолияциялоодон баш тартууда.

Abal.kg