Дүйнө
Бир жума мурда Путин менен кол алышкан врачтан коронавирус табылды
Москванын Коммунарка кыштагындагы № 40-инфекциялык оорукананын башкы врачы Денис Проценкого коронавирус деген диагноз коюлду деп маалымдады «Россия 24» теле каналы жана дүйнөлүк ММКлар.
24-мартта Россиянын президенти Владимир Путин Коммунаркадагы коронавирустан жабыркап жатышкан бейтаптарды көрүүгө барганда, аны башкы врач Денис Проценко өзү тосуп алып, кол алышып, коштоп, лифте чогуу болуп, палаталарды кыдырткан.
31-мартта Евроньюс телеканалынан Россиянын Президентинин өкүлү (пресс-катчысы) Дмитрий Песков “Президент кайра-кайра тесттен өтүп турат, ден соолугу калыбында” деп айтты.
Abal.kg