Маданият

«Эми, эркектердин мага ичи күйөт!» Актёр, бодибилдер силикон куурчакка үйлөнүп атат

Силикон куурчак Маргого үйлөнө турганын жар салган  актер жана бодибилдер Юрий Толочко, үйлөнүү тою тууралуу Москва 24 агенттигине өтө кызыктуу маек курган.

«Той экостилде өтөт– бак-дарактар, гүлдөр жана өсүмдүктөр менен. 50дөн 70ке чейин киши чакырылат. Негизинен жалаң досторум. Бирок Марго тараптан да бир нече курбулары келет. Алар анын стилисттери, ага кийинүүгө жардам бере тургандар «, – деп айтып берди Юрий.

Той болгонго чейин күйөө колуктусунун көйнөгүн көрбөш керек деген ырым-жырымга карабастан, ал Маргонун кийе турганынын алдын – ала көрүп алган. Силикон куурчак Маргого той көйнөктү шаардын үйлөнүү үлпөтү салондорунун бири бекер белекке берген. Шакектерди да кыз-күйөө белекке алышкан.  «Тойдо Маргонун силикон курбулары болбойт. Бирок, мен ушундай колуктулары(силикон) бар эркектердин көлөкөдөн чыгышканын каалар элем. Мен билем андайлардын бар экенин. Алар мага жазып турушат, бирок, ачыкка чыккандан коркушат «, – деди Юрий.

Юрийдин колуктусу Марго (ортодо) кызматчы кыздар менен

Толочконун пикири боюнча, мындай мамилелер (силикон менен жашоо) баардык жагынан ыңгайлуу.  «Эми, эркектердин мага ичтери күйөт! Жалпысынан  бул экологиялык жактан таза жана юридикалык да, физиологиялык да жагынан опурталдуу эмес мамиле болуп саналат», – деп эсептейт Юрий.

Толочко мурда үйлөнүү тою Алматыда же Нур-Султанда өтөт деп айткан. Бирок кайсы жерде өтөөрүн ачык айта элек. Анткени чакырылбаган коноктордун ажиотажынан коркот.

Бирок, кол коюшуу салатанатына жана сертификатарга карабастан загста расмий каттоо болбойт, деди ал.

Эскерте кетсек Юрий Толочко Казакстандык популярдуу артист жана бодибилдер.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button