Дүйнө

Индияда жашагандар кийинки 30 жылдын ичинде Гималайды биринчи жолу көрүштү

Карантиндин натыйжасында аба тазаланды.

Коронавирустун пандемиясына каршы күрөшүү үчүн көптөгөн өлкөлөрдүн карантин киргизиши айлана-чөйрөгө абдан чоң таасирин тийгизди. Атмосферага бөлүнүп чыгып аткан зыяндуу түтүн, газдардын азайганына байланыштуу Кытайда, Италияда жана башка бир канча мамлекеттерде экологиялык абал жакшырды. Бул туурасында Погода Mail.ru жазып чыкты.  

Алардын катарына 20 күндөн ашык жалпы улуттук карантинде турган Индияны да кошсо болот. Пенджаб штатынын жашоочулары апрелдин башында акыркы 30 жылдын ичинде биринчи жолу, алардан 201 чакырым алыстыкта жайгашкан Гималай тоолорун көрө алышты, деп жазат  Bored Panda.

Соцжеледе жерниликтүү калк терезелеринен тартып алышкан сүрөттөрдү чыгара башташты. Ал фотолордон кар жамынган асман мелжиген улуу тоолорду дапдаана көрүүгө болот.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button