Кандай эркектер аялзатынын көзүнө көп “чөп салат”? Адистин жообу

Сырткы турпатына, келбетине  өзгөчө көңүл бурган эркектер башкаларга караганда жубайынын же сүйлөшкөн селкисинин көзүнө көбүрөөк чөп салат. Бирок, жүрөнөөк эркектердин мындан да башка өзгөчөлүктөрү бир кыйла экен. Бул туурасында НСНка берген интервьюсунда врач-психотерапевт Александр Полеев ушинтип айтты. Муну РИА Новости билдирди. 

Анын пикири боюнча, сырткы турпатына айрыкча көңүл буруп, эл көзүнө жагымдуу, келишимдүү көрүнүүгө аракеттенүү менен аялынын, же сүйлөшкөн бийкечинин көзүнө чөп салуунун ортосунда түздөн-түз байланыш бар.

“Чач тарачтарга көп баргандар – өзүнүн сыртыкы турпатына кам көргөн эркектер. Алардын арасында көңүлдөшү бар эркектердин үлүшү сулуулук салонуна чанда барган кишилерге караганда бир топ жогору болушу мүмкүн”, — деп эсептейт  Полеев.

Кээ бир эркектердин сакал түгүнүн катуулугу аларда  тестостерондун жогору экенининен кабар берет. “Ошондуктан, алар башкаларга караганда аялдарынын, же сүйлөшкөн бийкечтеринин көзүнө чөптү алда канча көп салат”, -деп эсептейт врач.   

Ушундай эле тенденция кийим дүкөндөрүнө көп барган эркектерде да баамдалат деп эсептейт Полеев.

“Статистика боюнча ким кийим дүкөнгө, сулуулук салонуна көп барса, анын көңүлдөштөрү  ошончолук көп болот “, — дейт адис.

Ошол эле учурда бул маселеге келгенде, өтө этиет болуш керек экенин эскертет, ал. А балким мындай көрүнүш – сырткы турпатына айрыкча көңүл буруу, өзүнүн сүйгөнүнө жаккысы келип  аткандыктандыр.

Abal.kg