Дүйнө

АКШда бир суткада 2 108 көз жумду. Маркумдар “бир тууган көрүстөнүнө” коюла баштады

Өткөн суткада АКШ COVID-19дан  2 108 киши каза тапты, деп билдирди Джонс Хопкинстин университети. Мындан бир күн илгери бир суткада 1 973 бейтап көз жумган. Бул тууралуу Lenta. Ru кабарлады.

Пандемия башталгандан бери АКШда 18,6 миң киши кайтыш болуп, 28,8 миңи айыкты.   

10-апрелде Нью-Йорктогу вирустан каза таап аткандарды көмө турган, чоң казылган “бир тууган көрүстөнүнүн” (братская могила) кадрлары соцжеледе тарай баштады.  Кайтыш болгондорду Харт аралына алып барып көөмп атышат. Бул аралда 150 жылдан ашыгыраак мезгилден бери калктын жакыр катмарындагылардын  сөөгү коюлуп келе жатат. Мурда бул аралдагы көрүстөндөрдү коңшу аралда жайгашкан түрмөдө олтургандар казышчу, бирок өлүм өтө көп болуп атканына байланыштуу кадимки эле жумушчуларга каздыра башташты.

Нью-Йоркто

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button