Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон айыкты

Марттын акыркы декадасында коронавирус менен ооруп калып, өзүн-өзү изоляциялоого кетип, кайра бир жума мурда ооруканага жаткырылып, андан соң реанимацияга түшкөн Борис Джонсон, эми айыгып чыкканын Евроньюс көрсөтө баштады.

Борис Джонсондун сакайып кетишин АКШнын президенти Дональд Трамп баштап, Европанын дээрлик баардык мамлекет башчылары, карапайым жарандар да катуу тилешкен. Эми минтип, Улуу Бртитанияны Евросоюздан бөлүп чыгып, тарыхый иш жасаган премьер кайрадан катарда. Албетте, Борис Джонсонду айыктыруу Бириккен Королчулуктун врачтары үчүн принципиалдуу мааниге ээ болчу. Картага бүтүндөй Улуу Британиянын саламаттык сактоо системасынын ар-намысы коюлган эле. Медиктер бул абалдан эң мыкты натыйжа менен чыгышты.

Ал ооруканадан чыккан биринчи интервьюсунда врачтарга, Британиянын Улуттук саламаттык сактоо системасына өзгөчө ыраазылыгын билдирди.