Коронавирус беткапта канча убакыт жашаары аныкталды. Радиация тазартмак болду

Гонконгдун изилдөөчүлөрү коронавирус инфекциясынын кээ бир нерселердин үстүндө канча убакыт жашаарын аныкташкан. Ошонун ичинде, кадимки эле медициналык беткаптын бетинде вирус жети күнгө чейин жашай алат экен.

Кеп беткаптын сыртыкы бети жөнүндө болуп жатат, деп билдирген The Lancet агенттиги. Ошондуктан, адам кокус беткаптын сыртына колун тийгизип алса, дароо колун самындап жууп, андан соң антисептик менен тазалап (колду) алыш керек. Бул туурасында Профил (Profile)  жумалык журналы өткөн аптанын аягында билдирген.

Россия медициналык беткаптарды радиациянын жардамы менен тазалай баштайт деп, мурдараак айтылган болчу. Бул жагынан жардамды атом өнөр жайынын кызматкерлери берет. Эксперттер мындай тазалоо медициналык беткаптардын коопсуздугун толук камсыз кыла алат дешет.

Abal.kg