Маданият

«Дурак» жаман сөз эмес – княздын аты. Акниет адамды билдирген. Креативщик

Дурак – адамды тилдеген эң жөнөкөй сөз, «акылсыз» деген кептин синоними. Көрсө, бул сөз башында кишинин эле аты экен. Андан да башка маанилери алда канча терең тура. Бул туурасында Historytime жазып чыккан.

Тээ башында «дурак» —  XV—XVII кылымдарда эркек кишинин эле аты болгон. Ал кезде мындай ысым менен көптөгөн ак сөөк кишилерди да кездештирүү кадыр эсе көрүнүш эле. Маселен, князь Владимир Иванович Дурак Острожский.  Ушундан  соң популярдуу  фамилиялар:Дураков, Дурново, Дуровдор чыккан. Акыркы фамилия  атактуу цирк династиясына жана легендарлуу кавалерист-кызга — 1812- жылдын каарманына таандык. Суук көздөн сакташ үчүн ата-энелер эң сүйүктүү балдарына Дурак деген ат койгон. Өзгөчө кичүүлөрүнө. Мисалы  Ершовдун «Коньек-горбуногунда»: улуусу бала болгон, акылы аябай толгон, ортончусу мындай эле бирөө болгон, а кичүүсү такыр эле «дурак» атка конгон.

Эгер сөздүн маанисинин чечмелей турган болсок, «ду»  — эки, «ра» — жарыктын нуру. Мисалы «радуга» – бул экиден көп көздүн жоосун алган жарыктын нуру. Демек, бир учурларда «дурак» деген  сөз, маанйы жарык, акниет, карапайым жана чыгармачыл адамды билдирген. Ошон үчүн жомоктордо «дуракка» (мисалы, Иванушка- дурачокко) дайыма акылдуу, сулуу колукту тиет. Анысы аз келгенсип колуна жарым падышачылык берилет.

Орустар дурачок-юродивыйларды (көзү ачык, апенди чалыш) асман менен түздөн-түз байланышкан, деп катуу сыйлашкан. Аларды апенди чалыштарга кошушкан.Маселен, Москвадагы эң көрктүү Василий-блаженный (апенди) храмын алалы — апенди чалыштын атына коюлган.

Василий-блаженный (апенди) храмы

Бир сөз менен айтканда дурак – стандарттуу эмес ойлонгон киши, азыркыча айтканда  — креативщик.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button