Окуялар

Бишкекте коронавирустан 53 жаштагы аял каза болду

Коронавирус аныкталып, Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында оор абалда жаткан 53 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. 

Бейтап 5-апрелде борбор калаадагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага оор абалда келип түшүп, кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткарылган.

Ага чейин ал 1-5-апрель күндөрү Кемин районундагы ооруканада дарыланып жатканы айтылат. Маркумдун вирустан тышкары кант диабети менен жүрөк дарттарынан жабыркап келгени, мындан тышкары, кан басымы жогору экени белгилүү болду.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан каза тапкандардын саны сегизге жетти.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button