Коом

Элмирбек Иманалиевдин өлүмүнөн саясат жасап, пайда издеген түркөйлөр жооп береби?

Кыргыз Республикасынын эл артисти Элмирбек Иманалиев каза болуп кыргыз элин ыйлатты, кайгыга салды. Акындын кадыр-баркы ушунча бийик экен 2-3 күн кыргыз социалдык тармактарын Элмирбектин эскерүүлөрү, анын ырлары ээлеп турду. Муну сезген айрым саясый партиялар төкмө акындын өлүмүн саясатташтырып жиберди. Жерге берилген залкардын атын сата баштады. Булардын көч башында Адахан Мадумаров турду. Ал “Азаттыкка” берген маегинде “Элмирбекти тил майрамына киргизбей, КТР, ЭлТР сыяктуу телеканалдарга жолотпой койгон” деп айткан эле. Анан дагы Мадумаров пикирлештери аркылуу “Элмирбек күзүндө “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен шайлоого аттанмак, тизмеге да кирген” деген маалыматын таратты.

Өмүрбек Бабановду көздөй адамы Кубатбек Болотканов деген акынды дарыгерлер кабыл албай коюптур деп жар салды. Бирок, бул адамдардын тараткан маалыматы бат эле жокко чыкты. Аны Э.Иманалиевдин эң жакын шакирти, залкардын жанында акыркы мүнөттөргө чейин жүргөн Мирлан Самыйкожо тастыктады. Биз окурман журтчулугуна түшүнүктүү болушу үчүн Самыйкожонун пикирин өзгөртүүсүз сунуш кылабыз:

-Унчукпай коюуга болбой калды. Уу жуткандай болуп, өзөк өрттөнүп турганда ого бетер өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып атышат. Туура түшүнүп, туура маалыматты окуп койгула. Калыстык үчүн жаздым.

Өлүмдөн да пайда издеген популисттер! Мурда кайда элеңер? Кечээ кайда элеңер? Ошол күнү кайда элеңер? Биз силерди ал күнү көргөн жокпуз го.  Мүмкүн, мен да ошол жерде болчумун десеңер айткылачы.  Көзүбүзгө коргошун уюп эле көрбөй калбасак, биз силерди көргөн жокпуз! Ушинтип упай топтоп, калбыр кадырыңарды өстүрбөй эле койбойсуңарбы! Бул силерге саясат эмес! Жасалма күйүмүш болуп, арзыбаган арзан пиарыңарга аралаштырып БУЛБУЛДУН өлүмүнөн пайда издегениңерди токтоткула! Ичинен бышып, ызасы ташып отурган элдин оюн жалган маалымат таратып тескери бурбагыла да.

“Спец больница албай Фучикке жөнөтүптүр” деген карандай калпты кайдан, кантип ойлоп таптыңар? Асылбек Маратов айтты десеңер жаңылыштык. Ал өзү пропуску жок тозоттордон өтүп келгиче тез жардам Фучиктен спец больницага келип калган. Асылбек Фучиктеги больницага эмес спецке келгенде келди. Элмир байкенин үйүнө спец больницанын тез жардамы эмес, 103 тез жардамы чакырылыптыр. Ошол үчүн ал түз эле Фучикке алып барып, андан соң спецке алып келген. Муну күйөө баласы Мирзат дагы жалган дебестир.  Дарыгерлерди дайыны жок күнөөлөгөн туура эмес деп ойлойм. Алар бул убакытка чейин деле өз камкордугуна алып, татыктуу кызматын кылып келишкенин үй-бүлөсү, бир туугандары жана бизге окшогон жакындары танбайт.  Мүмкүн ошол мезгилдерде айрымдарыңар деле акыбал сурап баргандырсыңар, көргөндүрсүңөр. Ден-соолугуна байланыштуу мезгили менен дарыланып келгендиги чындык эмес беле. Анан ошол дарыгерлерди тепкиге алып, күнөөлөгөн туура эмес го. Кандай дейсиңер?

Эми экинчи, дагы бир ойлоп табылган жалганыңар: “Тил майрамында Элмирбекти киргизбей коюптур” деп жазыпсыңар. Мынчалык эле калп айтып кара жаныңарга эмне эле күч келип атат билбейм! Бул жерде Элмирбек байкенин такыр, кымындай да тиешеси жок. Аты да аталган эмес. “Тил мыйзамынын 30жылдыгына” арналган иш чарага даярдык көрүлүп жатканда эки акын ырдай турган болуп Азамат Болгонбаев менен Асылбек Маратовду репетицияга чакырып ырдатышып, бирок  жыйынтыгында убакыттын узарып жатканына байланыштуу ген прогондо бир акынды кыскарта турган болушуп, айтыштын салты менен улуусун калтырып, кичүү акын Асылбек кыскарып калган. Бул окуя режиссёр Алтынбек Максүтовдун дагы эсинде чыгар. Болгону эле, ошол бир акындын кыскартылганын концерттин сценарийин жазган министрдин орун басары Кайрат Иманалиев кечинде Асылбекке айта албай калып, эртеси эртең менен иш чарага Асылбек келип кире албай калган. Жок, андай эмес десеңер ошондогу Асылбектин таарынып берген маеги менен ыры интернетке жарыяланган. Издесеңер табасыңар. Ойлоп тапканга караганда издеп тапкан адал болот.  Бул иште Элмирбектин аты эмес жыты да жок болчу. “Элмирбекти киргизбей коюп анан депрессия болду” деп, калпты чындай айткан божомолуңар болбогон нерсе.

Дагы бир жолу айтам. Өзүңөр ойлоп таап алган жалган маалыматтарды таратып элдин башын айлантканыңарды жана ЭЛдин уулу Элмирбектин өлүмүнөн саясат издеп, упай топтогонуңарды токтоткула! УЯТ! – ЭЛМИРБЕК деген ысым силерге окшогон ой бузарлардын деңгээлинде эмес эле!.. Тынч жаткыргыла!”-дейт ал.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button