Коом

Бишкекте 900 орундуу жаңы мектептин курулууда

Бишкек шаарынын Түштүк-пландоо зонасында 900 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объекттин курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 7000 чарчы метрди түзгөн мектеп беш блоктон турат. Анда үч кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана жана бардык талаптарга жооп берген спорт залы каралган.

Учурда курулуш аянтчасында 150дөн ашуун жумушчу эмгектенүүдө. Имараттын чатырын жабуу иштери жүргүзүлүп, биринчи жана экинчи кабаттардагы ички шыбак иштери дээрлик аяктады.

Тектеш кабарлар

Back to top button