Кытай Ким Чен Ынга шашылыш медиктерди жөнөттү
Ким Чен Ындын абалы оор деген каңшаарлардан улам, Кытай Түндүк Кореяга медициналык эксперттер да кирген адистеринин тобун жиберди, деп жазат Лента. Ру 25-апрелде.
Кытайдын коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин эл аралык иштер боюнча бөлүмүнүн өкүлдөрү башында турган бул делегация, Корей элдик демократиялык республикасына (КНДР) 23-апрелде жөнөтүлгөн. Агенство бул окуяны Ким Чен Ындын ден соорлугунун тегергиндеги проблемалар туурасындагы каңшаарларга байланыштырат. Мурдараак Ким Чен Ын Япон деңизинин жээгиндеги Чыгыш-Корей кысыгындагы жеке менчик виллада туруп жатат деп айтылган. Элдин өтө жыштыгынан улам, коронавирус инфекциясынын жуктуруп алуу кооптуулугу жогору болгондугуна байланыштуу, Түндүк Кореянын лидери өткөн жумада Пхеньяндан чыгып кеткен.
Abal.kg