New York Post басылмасы Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын жүрөгүнө жасалган операцияны көтөрө албай өлгөнү айтылып жатат, деп билдирди. Бул туурасында Московский комсомолец 25-апрелдин түнү маалымдады.
New York Post басылмасы Ким Чен Ындын өлгөнү тууралуу каңшаарды Гонконгдун радиоберүү тармагына таянып билдирген. А гонконгдуктар бул кабарды япондордун ММКларынан алышканын айтышууда.
Азыркы учурда бул маалыматтын чын-төгүнүн бышыктаган расмий кабар жок. Түндүк Кореянын лидеринин ден соолугунун начарлаганы туурасында каңшаарлар ушул жуманын ичинде байма-бай айтыла баштаган. Түштүк Кореянын басылмасы Daily NK билдирген маалыматтарга караганда, Ким Чен Ын жүрөк-кан тамыр системасына жасалган операциядан кийин дарылоо курсун өтүп жаткан. Мындай процедура «тамекини аябай көп чеккендиктен, өтө толуп кеткендиктен жана чарчагандыктан улам» керек болгон имиш. А япон газетасы «Иомиури» түштүк кореялык жана америкалык булактарга таянып, Түндүк Корея 2019-жылдын аягынан тартып эле анын ордуна киши даярдап атканын билдирген. Ким Чен Ындын ордун анын карындашы Ким Ё Чжон алышы мүмүкүн дейт.
Ошол эле учурда бул гезит менен аңгемелешкендер январда Франциядан врачтардын тобу Ким Чен Ындын ден соолугунун начарлаганына байланыштуу Пхеньянга келип кетишкенин айтып беришкен. Ушундан кийин анын ордуна Ким Ё Чжонду даярдоо тездей баштаган имиш. Ал иш жүзүндө түндүк кореялык иерархияда «экинчи номердеги адам» деп айтышкан, тигилер.
Abal.kg