Пайдалуу кеңештер

Карантинде кумарга батуу иммунитетти көтөрөт. Адистин кеңеши

Дүйнө жүзүндө коронавируска байланыштуу киргизилген карантин үй-бүлөлүүлөргө, сүйүшкөндөргө  кандай таасирин тийгизип жатканы тууралуу  россиялык врач-сексолог, психотерапевт Евгений Кульгавчуктун кеңешин Россиянын ММКлары жазып чыгышты.

Психологдун пикиринде, коомдук иш-чаралардын токтотулушу жана эл менен жолугушуунун азайышы жуптардын бири-бирине көп убакыт бөлүшүнө шарт түздү. Ошондой эле эпидемиянын фонунда төшөк мамилеси айрымдардын маанайын көтөрөт.

Бирок түгөйлөрдүн бири медициналык себептерге байланыштуу түздөн-түз обочолонгон болсо, төшөк кумары менен алектенүүгө болбойт.

Сексологдордун айтымында жыныстык катнаш карантинде отурган адамдардын иммунитетин чыңдай турганын да белгилеген.

«Ар дайым болуп турган кумарлануу маанайды гана көтөрбөстөн, стресс, тынчсызданууну азайтып, иммундук системаны жакшыртарын эстен чыгарбашыбыз керек. Канчалык бир деңгээлде эмоция гана тартуулабастан, ден соолукту да чыңдайт десе болот», — деди сексолог.

Адис сүйүшкөндөр кумарга батууну жакшы маанай менен башталганда гана пайдалуу жактарын тийгизе турганын кошумчалаган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button