Психологдор дайыма нааразы боло берүүнүн кесепетин айтышты

Психолог Керри Кэннити жана психотерапевт Сара Клоуз дайыма нааразы боло берүүнү токтотуунун натыйжалуу жолдору тууралуу айтып беришти. Адистердин кеңештерин Real Simple басылмасы жарыялады.
Кэннити белгилегендей, нааразы болуу адамга терс эмоцияларын сыртка чыгарууга, сезимдери тууралуу айтып берүүгө жана көйгөйлөрдү чечүүгө киришүүгө жардам берсе, пайдалуу болушу мүмкүн. Бирок мындай эмоция билдирүү адатка айланып кетсе, организмдеги стресс гормону — кортизолдун деңгээлинин жогорулашына алып келиши мүмкүн.
Психолог дайыма нааразы боло берүүнү токтотуу үчүн эмоцияларды билдирүү менен позитивдүү маанайды сактоонун ортосунда тең салмак табууну сунуштады. Ал үчүн нааразычылык билдиргенде «жана» же «бирок» деген байланыштыргычтарды колдонсо болот. Бул адамдын терс көрүнүштөргө гана көңүл топтоп калышына жол бербейт.
Мисалы: «Бүгүн аябай чарчадым, анткени уктай албай чыктым, бирок ошол эле учурда бүгүн кечинде конокко бара турганыма кубанып жатам».
Ал эми Клоуз жөн гана нааразы болуу үчүн нааразы болуудан алыс болууга чакырды. Ал адамга өзүнө: «Нааразы болгондон кийин мени жакшыраак түшүнүшкөндөй сезилеби же кайрадан көңүлүм калып, ошол эле айлампага түшүп жатамбы?» деген суроону берүүнү сунуштады.
«Адам өзүнө жетиштүү көңүл бурса, организм анын терс окуяны кайра иштеп чыкканын же ошол эле тынчсыздануу сезимине байланып калганын көп учурда билдире алат», — деп түшүндүрдү психотерапевт.


