Коронавирус. Польшада презденттик шайлоо почта аркылуу өтөт (видео)

10 майга белгиленген Польшадагы президентти шайлоо 12-июлда өтүшү мүмкүн. Өлкөнүн парламенти сырттан добуш берүү мыйзам долбоорун колдоду. Бирок, башкаруучу  коалиция шайлоо датасын жылдырды. Ошол эле убакта башкаруучу коалиция, шайлоого чейинки убакыттын аз калгандыгына байланыштуу документти талкуулоону создуктуруп жатасыңар деп, оппозицияны күнөөлдү. Бул туурасында 7-майда Euronews маалымдады.

Польшанын  президенти Анджей Дуда мамлекет башчысын шайлоо мүмкүн болушунча тез арада өтөт деген үмүттө. “Мен мекенибизди модернизациялоону уланткым келет. “Бириккен оңчулдар” башкаруу  коалициясынын жана парламенттик көпчүлүктүн колдоосун алганда гана ушул жасала турган иштерге кепилдик алса болот. Жетишилген келишим, бизге ушундай мүмкүнчүлүк берет, эгер мен жеңип чыксам, Польша натыйжасын көрөт”, — деп билдирди президент.

Почта менен шайлоо өткөрүү мыйзам долбоору коронавирустун пандемиясынын айынан, “Укук жана Акыйкаттык” партиясынын (башкаруучу коалициянын башында турган) лидери  Ярослава Качиньскийдин тапшырмасы менен даярдалган.

Солчул оппозиция тараптан “Граждандык демилге” кыймылынын өкүлү Михал Ваврикевич: “Жакында Польшада экономикалык маселелер башталат, анда азыркы президент Дуда сөзсүз жеңилет, ошон үчүн Качиньский шайлоону мүмкүн болушунча өтө тез өткөргүсү келип жатат”, деп айтты.

Коомчулуктун пикирин сурамжылоонун тыянагы боюнча азыркы президент алдыда баратат. Буга чейин почта менен өтчү ушул шайлоого Польшанын мурдагы президенттери менен премьер-министрлеринин бир тобу  каршы чыгышкан.

Abal.kg