Коом

Адам-магнит Октябрь Жумашев

Өгөчө энерегиясы бар адам-магнит Октябрь Жумашев 19-кылымдын ичинде Махамбет Үтөмисов менен бирдикте, ал убакта Россиянын вассалы болгон казактардын Ички ордосуна каршы көтөрүлүш чыгарган кадимки Исатай Таймановдун бешинчи муундагы тукуму, деп кабарлаган Almaty.tv, «Прикаспийская коммуна» маалымат басылмасынын билдиргенине таянып.

Октябрь бала кезинде эле өзүнүн өзгөчөлүгүн баамдаган – темип тесектердин (кашык, айры, бычак) баары дайыма денесине жабыша берчү. Бирок бул туурасында бирөөгө айткандан коркчу. Анткени эл жектейт деп, ар кимдин жаман көзү өтөт, жаман сөзү тиет деп кооптончу. Себеби адамдар аны шайтан деп жек көрүшмөк. Армиядан келгенден кийин гана Октябрь эмнеге жөндөмдүү экенин ага-тууган, жакындарына көрсөтүүгө бел байлаган.  

«Мен технологдун окуусун бүткөм, а өзүм юрист болуп иштегем.  Бирок адамдарга дайыма жардам бергим келчү. Ошентип атайын медициналык курсту бүткөрүп алып, массажист болуп иштеп калдым. Көп жылдан бери сүйүктүү кызматым менен эмгектенем. Бейтаптар менин колум ысык экенин айтышат, бирок тез эле сакайып кетишет», – дейт Октябрь Жумашев.

Мамлекеттик Х. Досмухамедов атындагы Атырау университетинин окумуштууларынын пикири боюнча, магнетизм биологиялык объектерде да кездешет. Ал организмдеги электр зарядын алып жүрүүчү көптөгөн элементардык бөлүкчөлөр менен шартталган. «Магнетизм ар бир адамга мүнөздүү. Бар болгону ал ар кимде ар башкача болот. Укумдан- тукумга гендик деңгээлде өтүшү мүмкүн. Кан айлануу учурунда адамдан өзгөчө энергия бөлүнүп чыгат, жөнөкөйлөтүп айтканда кадимки эле – жылууулук»деп айтты, химия илимдеринин кандидаты, мамлекеттик Атрырау мамлекетик университетинин окутуучусу Ардак Аманкөсова.  

Abal.kg         

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button