Коронавирус жуктурган сатуучу 48 адам менен байланышта болгон

“Фрунзе” гипермаркетинин коронавирус жуктуруп алган кызматкери 48 киши менен байланышта болгон. Бул тууралуу брифинг учурунда Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

12-май күнү Бишкектеги Vefa соода борборунун алдындагы “Фрунзе” гипермаркетинин сатуучусу коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон. Кызматкер өзү Санэпидемкөзөмөл кызматына кайрылып, вирустун белгилерин сезип жатканын билдирген.

Мындан улам вице-мэр өзгөчө зарылдык болбогон учурда үйдөн чыкпоого жана сыртта жүргөндө болушунча башкалар менен аралыкты сактоого чакырды.

Анын айтымында, ушул тапта шаарда вирус жуктуруп алгандардын саны 305. Ал эми байланышта болгондор 648 кишиге жетти.

Abal.kg