Коом

Жети жаштагы Эркебү Президенттин белегин алды (фото)

Бүгүн жети жаштагы Мансурова Эркебү Президент Сооронбай Жээнбековдун белегин алды. Белекти Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаев тапшырды. Мындан сырткары кичинекей Эркебүгө райондун акими, айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан да белектер, шириндиктер берилди.

7 жаштагы Эркебү Ош облусунун Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылынын жашоочусу. Апасы төрөттөн каза болгон атасы миграцияда, кабарлашпайт, дайынсыз.

Өлкө башчысынын атынан ноутбук алган Эркебү кубанычтан көзүнө жаш алып, мыкты окуп, мугалим болуп, балдарды окутуу максатын билдирди.

Таенеси менен таятасы талаа жумуштары менен алектенгенде Эркебү кичинекей бөлөсүн карап жардам берет. Эми ноутбуктан бөбөгүмө тамга үйрөтөм деген кызга өкмөт өкүлү вай- фай роутер берип жиберерин убада кылды.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button