Коом

Ат-Башыда мал базар ишке кирет. Кийим, буюм, тамак-аш сатылчу базар азырынча ачылбайт

Нарын облусунун Ат-Башы районунда мал базар 7-июндан тарта иштейт. Бул тууралуу район башчысы Нурбек Сатаров брифинг учурунда билдирди.

Нурбек Сатаровдун айтымында , өлкөдө мал базарлардын ишмердүүлүгүнө 21-майдан тарта уруксат берилген. Бирок райондогу мал базар эпидемиологиялык абалдан улам иштей элек болчу.

“7-июнь күнү Ат-Башы мал базары иштеп баштайт, бирок ал жерде чектөөлөр болот. Базарга райондо жашагандар гана бара алат. Башкача айтканда, Нарындан же башка райондон келчү соодагерлер киргизилбейт. Азыр эл жайлоого көчүп, айдап-себүү иштери жүрүүдө. Мындан улам район тургундары, фермерлер малын сатып алсын деп эле базарды ачып жатабыз. Кийим, буюм, тамак-аш азырынча сатылбайт. Базар 14:00гө чейин эле иштеп, анын тегерегине посттор коюлат”, — деди Сатаров.

Related Articles

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button