Чыныбай Турсунбековдун кызы Сеид Атамбаевдин айтканы калп деди
5-июлда каза тапкан Жогорку Кеңештин экс-спикери жана азыркы депутаты Чыныбай Турсунбеководун кызы Айдай өзүнүн фейсбук баракчасында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеидди калп айтып жатат деп күнөөлөдү.
«Мен аябай суранам — атамдын өлүмүн өзүңөрдүн саясий оюндарыңарга пайдаланбагылачы. Адамкерчиликтүү болгулачы, атамдын атын жайына койгулачы. Сеид Атамбаевдин жазгандарынын баары тең –калп!» — деп жазды Айдай Турсунбекова.
Андан бир аз мурда эле, мурдагы президенттин уулу Сеид Атамбаев фейсбук баракчасы аркылуу маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айткан.
Андан ары сөзүн улап, Сейид Атамбаев Чыныбай Турсунбековдун социал-демократтарды (Алмазбек Атамбаевдин уулдары түзгөн партия) жашыруун колдогонун; ал өз демилгеси менен былтыр кышта Социалисттик Интернационалдын председатели Луис Аяло менен жолугушуп, СДПК партиясынын мүчөлөрүнө каршы жүрүгүзүп жаткан реппрессия жөнүндө айтканын; жакын арада «Социал-демократтар» партиясына кирүүгө даярданып жатканын билдирген. Ошону менен бирге жакынкы арадагы «Социал-демократтар» партиясынын съездинде, партиялаштарына жыл сайын берилүүчү Чыныбай Турсунбеков атындагы сыйлыкты негиздеген жатышканын айткан.