Коом

Президенттин демилгеси: Ишкер Туманбаев элге бекер дары-дармек таратты (ВИДЕО)

Кечээ, Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгесин колдогон ишкер Каныбек Туманбаев жакшы саамалык кылды. Миӊдеген бейтаптарга “Клексан” жана “Арбидол” дарыларын бекер таратты. Бул тууралуу журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына  жазып, элге бекер таратылып аткан дарылар тууралуу видеосун да койду.

Видеодо ишкер Каныбек Туманбаевден бекер дары алган бейтаптардын ыраазычылыгын көрүүгө болот.

Ал эми Туманбаев буларды айтты:

-Азыр ынтымак менен элди сактап калышыбыз керек. Көп ишкерлер, колунда барлар салым кошуп жатат. Президентибиз аларга ыраазычылыгын айтып, ынтымак менен вирусту жеӊүүгө үндөдү. Мен дагы атуулдук парзымды аткарып, керек болуп жаткан дары-дармектерди алып келдим. Азыр, башка жактан көп көлөмдө дары сатып алып келүү оӊойго турбайт экен. Бүт дүйнө кыйналып, алар дагы дары чыгарбай жаткан учур. Кыйынчылыктар болду, бирок президент Сооронбай Шариповичтин колдоосу менен маселелер чечилип, дарыларды алып келдик. Элдерге акысыз таратып, аймактарга дагы жөнөттүк. Элге болгон камкордук бул гана эмес, дагы салым кошобуз — деди Каныбек мырза.

https://www.facebook.com/daiyrbek.orunbekov/videos/3116197018460718/?t=16

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button