Коом

Профессор: Путин ботокс сайдырган эмес, өтө жаман ооруга чалдыккан болушу мүмкүн

Россиянын президенти Владимир Путиндин ден соолугунун начарлашы тууралуу кооптуу  публикациялардын фонунда, авторитеттүү врач, медицина илимдеринин доктору, профессор Игорь Гундаров сенсациялуу билдирүү жасады. Бул туурасында POLITFOX.RU билдирди.

Медиктин бышыктоосуна караганда Россиянын лидери биртоп жылдардан бери өтө олуттуу оорудан жабыр тартып келатышы ыктымал.  

Путинди жабырланткан коркунучтуу илдет, Гундаровдун сөзү боюнча, проказа (пес оорусу) болушу мүмкүн. Көптөгөн белгилүү адамдар өздөрүнүн бул оору менен ооруп жүргөнүн билишпейт, анткени инкубациялык мезгил өтө узакка созулат.

«Проказанын инкубациялык мезгили өтө узак. Проказанын биринчи симптомдору 5 жылдан 30 жылга чейинки аралыктын ичинде билинет. Ошон үчүн аны убагында билүү өтө кыйын», — деп айтты ал «Сталинград» телеканалына. Анын сөзүнөн  «Собеседник» цитата келтирген.

Ал 2004-жылы бир нече күндүн ичинде эле бети капкара болуп, бүртүк-бүртүк болуп кеткен Виктор Ющенкону (Украинанын экс-президенти – ред.) мисал катары көргөздү.

Виктор Ющенко.

«Бети, мурду бузулган, жүзүндө будур-будур бөлтөктөр пайда болгон. Адамдар шок болуп калышкан. Ал лепранын өтө жугуштуу формасы  менен ооруп калган. Мен лепрологдор менен сүйлөшкөм, алар да ошондой ойдо – аныкы проказа. Ал баардык жерде жүрүп атпадыбы, бул ооруну тараптып жибересиз деп, өзүнө кат жазгам, бирок, эч ким буга олуттуу мамиле кылбай койду», — деп айтты профессор.

Ошондой эле ал, проказынын негизги симптомдорун айтты —  денеде көгүш тактардын пайда болушу, жаактардын этинин шишмек тартат, теринин майлуулугу артат, кулактын  көнөчөгү чоңоет, каш кабакка түшүп калат, бел ооруй баштайт.

Ошол эле учурда Гундаров Ющенконун  диоксинден ууланганына ишенбейт.

Ющенко менен жолугушкан дүйнөлүк лидерлер — Клинтон, Меркель, Медведев, Путин дагы андан жуктуруп алуулары мүмкүн, бирок аны өздөрү билишпейт деди  профессор.

«Мен лепра менен ооругандарга жолугушкан саясатчылар үчүн жазылган пособиени Путинге жазып жибергем. Аба жана шилекей аркылуу жугат. Эч кандай реакция болгон жок! Ющенконуку окуу куралдарына төп келе турган лепроматоздуу лепранын классикалык  формасы. Бет бөйөрктүн бездери жабыркаган үчүн карарып кетет.  А ал баары менен кучакташып, өбүшүп жүрдү «, — деген ишенимде Гундаров.

Мисалы, Юлия Тимошенкодо  лепранын симптомдору пайда болду, а 2010-жылы Владимир Путинден да баамдалган.

«Анын бети көгөрүп, жаактарынын эти шишмек тарткан. Ошондо ал ботокс сайдырып алды деп жазып чыгышкан. Юлиянын да, Виктордун да беттери шишмек тартып, кулактарынын көнөчөгү өзгөргөн – бет алдыбызда башка киши турат. Мен врач катары тынчсызданып жатам, эмне үчүн аны (Путинди – ред.) дарылабай жатышканына», — деди ал.  

Ошондой эле ал Хиллари Клинтондун сырткы кебетеси өзгөргөнүн жана эстен танып кулап түшүп, ден соолугунда маселе чыкканына; ошону менен бирге “калчылдаган”  Ангела Меркелге да көңүлүн бурду.

“Проказасы бар адам менен жолуккан өлкөнүн баардык саясий элитасы карантинге кетиши зарыл. Бул эпидемиологдун өтө олуттуу кеңеши. Жаман болот!» – деген ишенимде Гундаров.

Профессор Игорь Гундаров

Игорь Гундаров – советтик жана россиялык врач, эпидемиология менен  медициналык статистика, демография, философия боюнча адис; философия илимдеринин кандидаты, медицина илимдеринин доктору, профессор. Москванын И. М. Сеченов атындагы медициналык академиясынын коомдук саламаттык жана саламаттыкты жөнгө салуу башкармалыгынын илим изилдөө институтунун башкы илимий кызматкери, мурда РФнын Мамдумасынын эксперти болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button