Легендарлуу парламенттин депутаты Төлөбек Абдиев дүйнө салды

Кечээ, 16-августта Кыргыз ССРинин жогорку Советинин – легендарлуу парламенттин депутаты, КР Айыл чарбасынын эмгек сиңирген зоотехниги, мамлекеттик жана коомдук ишмер  Абдиев Төлөбек Зайнидинович 73 жаш курагында дүйнө салды.

Мамлекеттин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн:  “Октябрь революциясы”, “Эмгек Кызыл Туу”, “Ардак белгиси” ордендери жана көптөгөн медаль менен сыйланган.

Сөөгү бүгүн Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилет.

Төлөбек Абдиевдин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!