Коом

Коронавирус. Бишкекте эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда

Коронавирус инфекциясынын таралышы жагынан Бишкекте эпидемиологиялык абал курч бойдон калуууда. Бул тууралуу брифинг учурунда Кыргыз Республикасынын башкы санитардык врачы, саламаттык сактоо министринин орунбасары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын сөзү боюнча, шаардыктар кыраакылыгын жоготпоолору керек. Министрдин орунбасары, мурдагыдай эле жеке сактануунун баардык жол-жобосун тутунуп, санитардык-гигиеналык талаптарды аткарып, социалдык дистанцияны кармап, беткап тагынып жүрүүгө чакырды.

Эсиңерге сала кетсек, акыркы суткада Кыргызстанда 113 киши илдетти жуктуруп алганы белгилүү болгон. Бишкекте бир бейтап каза тапкан. Статистикалык маалыматка караганда Бишкекте алдыңкы күндөргө салыштырмалуу жуктургандардын саны көбөйгөнү байкалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button