Окуялар
Бокс залында ок чыгарган Мукаш Ырсалиев камактан бир жума мурун чыккан

Биринчи май райондук соту аны УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде бошоткону маалым болду. Ага карата “Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” беренеси менен козголгон кылмыш иши оор эмес кылмыштар категориясына кирген “Ири өлчөмдөгү алдамчылык” беренесине өзгөртүлгөн.
Ырсалиев июлдун ортосунда “Береке” базарын («Дордойдун» жанында) рейдерлик жол менен басып алды деп шектелип, УКМК тарабынан кармалган эле.
Жабыркаган Жылдызбек Ниязалиев — Кыргызстандын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССРдин бокс боюнча спорт чебери. Ал Орзубек Назаровдун залында машыктыруучу болуп иштечү.



