Той-аш өткөргөндөр, конок чакыргандар Грузияда $3250 штраф төлөшөт. Конок күтүүгө толук тыюу салынды

Грузин бийликтери үйлөнүү тоюун, маркумдарды эскерүүлөрдү, мааракелерди, дегеле  конок күтүүнүн баардык түрүнө тыюу салды. «Чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга карата чыгарылды», — деп билдирди брифингде өкмөт администрациясынын башчысы Натия Мезвришвили. Ал тыюу салуу 10-сентябрдан тартып күчүнө кирет деди. Бул тууралуу 9-сентябрда “Коммерсантъ” жазып чыкты.

Коронавирус курч тараган мезгилдеги мындай карантиндик иш-чарага бийликтердин кайрадан кайрылууга мажубур кылган, аймактардын биринде 500 киши чакырылган үйлөнүү тоюунан кийин корнонарвиус  инфекциясынын күтүүсүздөн дүрт этип жайылышы себепкер болгон.

«Үйлөнүү тоюу кластери» COVID-19, медиктердин жана эпидемиологдордун  бышыктоосу боюнча, өлкөдө бир күндө  44 адамга жугуузуна алып келген. Бул, эпидемияны ийгиликтүү жеңген катары, өзүнүн «жашыл статусу» менен сыймыктанган Грузия үчүн жалпы эле пандемия мезгилинин ичиндеги  кейиштүү «рекорд» болуп саналат.

Тыюу салууну бузганы үчүн той өткөргөндөргө 10 миң лари  ($3250) өлчөмүндөгү штраф салынат.

Акыркы маалыматтар боюнча пандемия учурунда Грузияда 1,7 миң киши коронавируска чалдыгып, 19 бейтап кайтыш болгон.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда той-аш өткөргөн ресторан-кафелерге салынчу айыппул 3 миң сом. Ал эми коронавируска чалдыккандар 40 миңден, каза тапкандар 1 миңден ашык. Элинин саны боюнча Грузия Кыргызстандан бир жарым эсеге аздык кылат.