ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Үйлөнгөнү жаткан жигит апасынын катын окуп ыйлап жиберди

Апанын дубай саламы дайыма өз убагында айтылат. Анткени, баласын чексиз сүйгөн, ага камкордук көргөн эне гана учуру келгенде чүрпөсүнө керектүү накылды айта алат. Жашоодогу өтө маанилүү окуялардын бирин – арзыганы менен баш кошуу никесине даярданып аткан жигитке апасы дал ошондой дубай саламын жолдогон. Бул тууралуу FB.ru порталы жазып чыкты.

Даярдык

Бул күн жигит үчүн өтө толкундундыруучу күндөрдүн бири эле. Ал эртең менен эрте туруп, жуунуп-таранып алып, тойго деп даярдап койгон костюмун киймекчи болот. Ошол убакта бозуландын жүрөгүнө эмнегедир тынчсыздануу толот. Костюмун кийип жатканда, капысынан анын чөнтөк телефонуна билдирүү келет. Шашыла телефонун колуна ала салып караса — билдирүү апасынан келген экен. Ачып караса – апасы ага кат жазып жибериптир.

Апанын каты

«Кагылайын балам! Азыр сен жаңы жашоого аттанган турасың – үй-бүлөө курууга. Эгерде сенин колуктуң жакшы аял, жакшы эне болуп бере алса, анда менин айткандарымды угам деп, убадыңды бер. Аялыңа ханышага мамиле кылгандай мамиле жаса, анткени сен чыныгы байлыкты таап жатасың.

Анын сырткы келбетине көңүлүңдү анча бурба, себеби бул жашоодо аялзатынын ажары ачылбай турган күндөр да болот. Биринчи кезекте, дайыма, анын ички дүйнөсү, жүрөгү тууралуу ойло. Анткени, эч кандай сулуулук адымдын мээрими менен көңүлүн алмаштыра албайт. Аны көп иштетпе, үйдө ага колуңдан келишинче колкабыш кыл – аялзаты өтө назик келет, аларды сактай билүү керек. Эсиңде болсун, балам, жалаң акча менен үй-бүлөөңдүн бактысын камсыз кыла алам деп ойлобо. Бул жашоодо бакыттын ачкычы акча боло албайт. Андыктан баарын акчага такап, алган жарыңдын маанайын бузба. Үй-бүлөөмдү багам деп, күнү-түнү иштеп жаткан учурда да, жубайыңдын көңүлүн көтөрүүнү эсиңден чыгарба. Жок дегенде, аз да болсо убакыт таап, сүйгөн жарыңдын көзүнө карап туруп, сен кандай сулуусуң, деп айтып, анын бактылуу жылмайгандагы ажарына бөлөнө бил. Эгерде сенин сөзүң аялыңдын көңүлүн көкөлөтүп, жүрөгүн толкундантса, сен аны эч качан муздатпа. Эч качан аялыңдын көңүлүн оорутпа. Эсиңде болсун, уулум, адамдын жүрөгүн оорутуу анын денесине жараткат салуудан да алда канча оор болот. Башка аялдарга көңүлүңдү бурба, анткени бул дүйнөдө сулуу аялзаты өтө көп, бирок сени сүйгөн, сага өмүрүн арнаган бирөө гана бар – ал сенин жарың. Карачы, балам, жашоодо кандай сонун эркектер бар, бирок алардын бирөө да мен үчүн атаң менен сени алмаштыра алышпайт. Ишиңден кайтып келгенде сени үйдө сүйүктүү аялың менен балдарың күтүп тургандан өткөн эмне бакыт бар.

Уулум, үй-бүлөөң менен бактылуу жаша, бирок бизди да – атаң экөөбүздү эч качан унутпа. Сени чексиз сүйгөн апаң».

Чексиз кубаныч

Катты окуп бүтүп, жигиттин көзүнө жаш айланды. Бул кубанычтын жашы болчу. Ушул өмүрдө ушундай керемет аялзатынын – апаңдын бар экени кандай бакыт! Ошол бактың эми эки эселеп өсөт – анткени сен дүйнөдөгү эң мыкты аялзатына баш кошкон жатасың.

FB.ru порталынын материалдары боюнча даярдалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button