Эринин сунушу боюнча эки күйөө менен жашаган аял

Аялдын ачык сыры

Жарым жыл мурда мен бирөөнү катуу сүйүп калдым. Мындай сүйүүнү “башы айланып калды” деп коюшат эмеспи. Бул окуя капысынан болду. Ага чейин мен эч качан ушундай абалга туш келем деп, өңүмдө түгүл түшүмдө да ойлогон эмесмин. Бирок, баары башынан болсун.

Кезектеги корпоративди биздин фирма кенен составда өткөрдү – жетекчилик башкы офистин кызматкерлерин да кошо чакырыптыр. Шаардын четиндеги ресторан арендага алынып, конферансье менен ырчылар акы төлөп чакыртылып, бий, спорттук оюн-зооктор уюштурулуптур.   

Дасторкондун четинде бир аз олтургандан кийин, бизге деп алынган велосипеддин бирин минип, ажайып кооз жерде көңүл ачып келейин деп, жөнөп бердим. Анча алыс узабай эле жыгылып түштүм. Капысынан мени эркектин карылуу колдору кучактап, жыгылган жеримден тургузду. Күбүнүп башымды көтөрүп, туптунук көпкөк көздү, жылмайып турган жүздү көрдүм. Өзүмдү дароо жоготуп койдум… Аны сүйбөй коюга мүмкүн эмес болчу!   

Андрей — коомчулук менен менен байланышуу боюнча адис эле, биздин уюмда иштегенине аз эле болгон. Келбети келишкен, үйлөнө элек, өтө жаш жигит болчу. Так ошол жаштыгы мени токтотуп жатты. Бирок, эки жумадан соң, аны менен жолугушуу рахатынан баш тарта алган жокмун. Биз көпкө сейилдеп, кофейняларга кирип, ресторандарда тамактанып, андан соң Андрейдин тааныштарыныкынын биринде экөөбүз ээн калып калчубуз.

Силер менин жазып ийгенимди окуп, ойлоп жатасыңар го, анын эмнеси бар экен, сүйсө сүйүп калгандыр, ал ар кимдин жеке иши деп. Маселенин баары менин эрим бар, эки балалуу аял экендигимде. Кызым беште, уулум тогузда, мен аларды аябагандай жакшы көрөмүн. Мен күйөөмдү да сүйөмүн. Албетте Андрейди сүйгөндөй эмес.

Суук көздөрдөн качып, коллегам экөөбүз анын досторунун квартираларында жолугушуп жүрдүк. Аны менен байланышканым менин жашоо-турмушума таасирин тийгизбей койгон жок: балдарыма өтө аз көңүл бөлө баштадым, күйөөмдү болсо айтпай эле коеюн. Кичине эле бош убактым болсо Андрейди көздөй учуп жөнөйм.

Мындан үч ай мурда күйөөм күтүүсүздөн минтип айтып калды:«Жаап-жашырынбай эле койгула, мен ансыз да баарын билем. Балдарга сенсиз кыйын, аларга сенин мээримиң жетпей жатат. Ошон үчүн биздикинде эле жашай бергиле. Квартирабыз деги кенен, орун жетиштүү, балдар сени ар кеч сайын көрүп тура турган болушат, а мен экөөңө көз жуумп коемун».

Адегенде уккан кулагыма ишенген жокмун. Бир чети, бул сунуш мага жөөлүгөндөй туюлду. Андан соң Андрей менен кеңешип көрүп, а эмнеси бар экен деген тыянакка келдим.  

Ошондон бери баарыбыз чогуу жашап жатабыз. Сырттан караган кишиге баары жайындагыдай туюлат. Күйөөмдүн биз менен иши жок. А мен таң аткыча сүйгөнүмдүн кучагындамын. Кечкисин балдарымдын жаныдамын, дем алыш күндөрү алар менен чогуу сейилдөөгө чыгамын.

Бирок, эми мени кыйнаган нерсе башка. Капысынан, күйөөмө салыштырмалуу Андрейде толгон-токой кемчилик бар экенин көрө баштадым. Ал үстү-башын такыр карабайт, өзүмчүл, өзүн гана сүйөт, чыдамы жок. Менин балдарыма таптакыр кош көңүл. А кээде балдарым анын кыжырдантып жатканын баамдап калам. Андрей убактымдын көбүн ага гана бөлүшүмдү талап этет, мени балдарыма кызганганы аз келгенсип, үй-оокат кылганыма да ичи тарыйт.

Азыр мен дайыма кыжаалат болуп жүрөм: туура кылдымбы деп, өзүмө өзүм суроо берип.

Балким, Андрейге деген сезимим – бар болгону акырындап өчүп кала турган менин убактылуу кумарымдыр. А күйөөмө болсо ушул кезге чейин жылуу сезимим сакталуу. Бирок, ушул абалдан эми кантип чыгам –  акылым айран.

Lisa.ru порталынын материалдарынын негизинде даярдалды.