БШК «Чоң Казат» партиясынан 4 талапкерди шайлоодон четтетти

БШК 18-сентябрда «Чоң Казат» партиясынан депутаттыкка аттанган 4 талапкерди шайлоого катышуудан четтетти.

Шайлоодон четтеген талапкерлердин тизмеси:

– Султангазиева Анаркүл Аскарбековна;
– Собирова Саида Иброхимовна;
– Ажымамбетов Актан Айылчиевич;
– Асаналиев Ганы Бекбоевич.

Чечим «Чоң Казат» саясий партиясынан түшкөн билдирүүнүн негизинде кабыл алынды.

Эске салсак, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Булак: https://kabarlar.org/