ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Түнкү кат: жүрөк сыздаткан окуя-3

Уландысы. Башы 18-19-сентябрда.

“Я за Нурай жизнь отдам!” деп…

“Атаңдын көрү-ү, ошол кичинекей бала бойдон чоңойбой эле жүрө бергенде эмне” деп, баягы каргашалуу окуядан кийин далай күнгө чейин ичимден боздоп жүрбөдүмбү. Кой, кой, балам, “Апам эмне мынчалык эле ыйлаактап атат” деп ойлоп калба, башка жоруктарыңды да, жакшы күндөрдү да айтайынчы.

Мектептеги сенин бир окуяң ушул кезге чейин эсимден кетпейт. Ушул, азыркы жашап аткан жаңы конушка жаңыдан көчүп келбедик беле, эсиңдеби, балам? Мынабул биз жашаган үйдүн ордунда времянка бар эмес беле, анда?  Ошону сатып алып туруп атпадык беле. Билесиңби, эки эле кичинекей бөлмө болчу. Бир бөлмөгө мен сага үстөл коюп, китептериңди тизип бергем. Сабакка даярданчусуң. Сен анда жаңы эле биринчи класска барып окуп жүргөнсүң, эки-үч айча болуп калса керек эле. Эсимде турат, кеч күз болчу. Классыңда бир жакшынакай кыз бар экен. Аты Нурай беле?.. Акжумаал келген боюу узун кызчы?.. Ооба, ооба, Нурай, Нурай… Ошол окуяң эсиңдеби?.. Унуткан жоксуңбу, балам?.. И-и… эстедиңби?.. Бир күнү эле “Апа-а, мен Нурайды аябай жакшы көрүп калдым” деп айтып атпайсыңбы, эсиңдеби, ошонуң? Билесиңби, балам? Эмне деп айтаарымды билбей туруп калдым: күлөйүн десем, шагың сынып калчудай, кеңеш айтайын десем, таптакыр эле кичинекейсиң. Бар болгону жети эле жаштасың. Анан тамашалап эле айтып койдум, жөн эле, “Алып берейинби, анда, биздикинде жашасын, экөөң мектепке чогуу барып турасыңар?” деп. “Ооба!” дедиң, мени карап туруп, тартынбай, шыр эле. Эсиңдеби?.. “Бирок, апасы макул болобу?” дедим, күлкүмдү араң тыйып. Эч нерсе дебей эле, дугдуңдап эшикке чыгып кеткенсиң. “Эмне болду, таарынып калдыбы?” деп ойлоп калдым ичимден. Көрсө… Мхи… Кечинде огороддо жүрсөм, кашаанын кырынан Нурайдын апасы көрүнүп калды. Мени карап алып эле кыткылыктап күлөт. “Ай, жаңы кошуна, бери бас” деп, чакырды.  Эмне деген атат деп басып бардым, кашаанын жанына. “Ай, ботом, уулуң келиптир мага “Я за Нурай жизнь отдам!” деп… Ошондо экөөбүз көзүбүздөн жаш чыккыча күлгөнбүз, сенин жоругуңа. Кийин эстеп алып да күлүп жүрдүк, көпкө чейин. “Я за Нурай жизнь отдам!”, алда балам, ай, балалыгың да, балалыгың. Кинодон көрсөң керек. Орусча да жакшы сүйлөй алчу эмессиң. Айылда кайсы орус бар дейсиң. Бирок, Нурайды кийин деле жакшы көрүп жүрдүң. Ал мектепти бүткөндөн кийин чет өлкөгө окуганы кетип, ортоңор үзүлүп калды  окшойт.

Сен “Манаска” жолугам деп…

Азыр так эсимде жок, сен жетинчиби-сегизинчиби  класста окуп жүргөнүңдө мектепте окуучулардын арасында манасчылардын конкурсу өтөт-өтөт деп калышты. “Апа, мен да “Манас” айтсам болобу?” деп келгенсиң, үйгө.  Билесиңби, ошонуңду, балам? “Айткың келип атабы?” деп сурадым. “Ооба, бирок, айтып атышпайбы, аян бермейинче “Манас” айта албайсың” деп, дегенсиң. “Ким ошентип айтты?” десем, “Онунчу класста окуган Үмөт” дедиң. “И-и, жанагы “Манас” айтып жүргөн болук чоң балабы?” десем, башыңды ийкедиң. “Эмне, ага аян бериптирби?” десем, “И-и, тоого барып, атасынын коюн кайтарып жүрүп кеч киргенде уктап калып, ошояктан аян бериптир. Манас менен Бакайдын өздөрүн көрүптүр. Дагы жандарында толтура чоролору бар экен. Ошондон кийин манасчы болуп калыптыр” дедиң. Аябай ээлигип, дикилдеп алыпсың. “Жаттап алып эле айта берсең болбойт бекен, балам?”  десем, “Жок, анда жакшы айта албайм да” деп, кыйылып туруп алдың. Эсиңдеби, балам, ошенткениң?  Эмне кылышты билбей, айлам кетти. Ары айтсам да көнгөн жоксуң, бери айтсам да көнгөн жоксуң. “Манас”айтпай эле койбойсуңбу” десем, ого бетер сенин ындыныңды өчүрчүдөймүн. “Мейли анда, балам, биз да тоого барып көрөлү” дедим, айлам кеткенде. Туугандарыбыз бар эле, малчы. Ошонукуна бармай болдук, экөөбүз.. Адегенде телефон чалып сүйлөштүм. Чоо-жайды түшүдүрсөм, малчы тууганым “Кайдагы жокту айтасың да, ушуякка келсе эле, уулуңа дароо аян берип манасчы болуп кетет бекен. Ал касиет түшкөн кишиге түшөт, элдин баарына эле түшө бермек беле” деди. “Эмне кылсаң да эптеп жардам бер, балам аябай ээлигип алды” дедим, догумду артып. “Келчи, анда көрөлү” деди.  Тууган да кыя алган жок, мени. Анын эмне дегенин сага айтан эмесмин. “Иши кылып бара көрөбүз да, бир айласын табаарбыз да “ деп ойлогом. Сен тоого чыксам эле аян берет деп дикилдеп атсаң, демиңди суудурмак белем, балам, анан. Ошентип экөөбүз тоого жөнөмөй болдук. Ошол эсиңдеби?..

“Баш айланып учуп кетсе эмне болот?”

Айланып барсак бир жарым күндөн ашык жүрмөкпүз, тобокел деп кыска жолго салмай болдум. Жарым күндүк жол эле. Ал жолду “Төтөмөл” деп коюшчу. Негизи, көп жылдан бери ал жол менен киши каттачу эмес. Ары жагы менен айланып, машине менен көчүп барышчу. Малды да ошол чоң жол менен үч-төрт күн айдап жетишчү. Машине жеткен жерге чейин барбадык беле, капчыгайдын оозуна. Барганда да, жөн барбай машиненин үстүнө түшүп барбадыкпы. Андайды көрө элек жаның “Апа, биякка маршрутка барбайбы?” деп, күлкүмдү келтиргенсиң балам, билесиңби, ошонуңду?.. Андайга бала кезиңден бери  көнгөн эмессиң да, балам. “Маршрутка жүргүдөй жер эмес да, бияк” дегем. Андан ары, таманында жалгыз аяк ат жолу бар, эки жак бети типтик, кууш капчыгайды  өрдөп жөө кеткенбиз. Эстесең, капчыгайдын эки тарабындагы бийик-бийик асман мелжиген зоокаларды көрүп алып, аябай жүрөксүнгөнсүң балам “Баш айланып учуп кетсе эмне болот?” деп. Мурда тоого чыгып көргөн эмессиң да. “Ушул тар капчыгайдын ичинде кантип жашашат? Боз үйдү кайда тигишет? Малдары каякта болот” деп сурап коесуң, менден. “Көчүк айланбаган капчыгайдын ичинде да жашамак беле балам. Ушул капчыгайдын таманындагы жол менен илгери жүктөрүн төөлөргө жүктөп алып көчүшчү.  Малдарын чубатып айдап өтүшчү. Ошон үчүн  мынабул жолду “Төтөмөл” —  төтө жол, же чубама жол теп коюшат. Кээ бирлери төтө жол дейт. Кыскасы бир аяк жол. Ушуну өрдөп жүрүп олтуруп башына жеткенде төрү жайык, кенен жер болот. Ошоякты жайлашат, ар жагынан болсо ашуу ашып, машине менен келишет” деп сага түшүндүрүп бараттым. “Ай-и-ий, апа, илгеркилерки кыргыздардын жашоосу аябай эле кыйын болгон турбабы, өтө  кыйын шартта жашашкан турбайбы” дедиң, талтөөндөй болуп. “Анан эмне, оңой болчу беле, балам, жайы-кышы менен көчүп-конуп жүрүшсө” дедим. Сен ойлонуп калдың. “Көчмөнчүлүк деген ошол да, балам. Жанагы көчмөн турмушту мактап-чактап жазып аткан тарыхчылар, көчмөндүн жашоосунун бир көргөнүн көргөн эмес. Кышында боз үйдө таң аткыча калчылдап түнөп чыкса, антип ооздорунан ак көбүк чыккыча көчмөнчүлүктү мактабайт эле, балам” дегем. “Туура айтасың, апа” деп, сен да ошого муюгансың.

 (Уландысы бар).

К.Ж.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button