Билл Гейтс коронавирус пандемиясы 2022-жылы токтойт дейт
Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс Fox News маалымат агенттигине берген интервьюсунда, коронавирус пандемиясы 2022-жылы гана токтошу ыктымал деди. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
«Эгер бул маселеге дүйнөлүк масштабдан карай турган болсок, анда 2021 — жылдын ичинде биз цифраларды (ооругандардын) азайтууга жетишишибиз керек», — деди ал.
Гейтс АКШ толук «нормалдуу жашоого» кийинки жайда гана жетет, деп белгиледи. Анүчүн, дейт ал, коронавируска каршы күрөш бүт дүйнөдө уланыш керек, ошондо гана COVID-19дун өлкөгө «кайрылып келбестигинин» кепилдиги пайда болот.
Мурдараак, Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү, АКШ коронавируска каршы вакцинаны ушул жылдын октябрь айынын аягына чейин ала албайт деп билдирген болчу.
Акыркы маалыматтар боюнча дүйнө жүзүндө бул илдетке чалдыккандардын саны 30 миллиондон ашып, 954 миңден көбүрөөк бейтап көз жумган.