Пайдалуу кеңештер

Аялдын кандай экенин билгиң келсе – колун кара

Кандай киши болбосун, аны менен биринчи жолу жолукканда, сөзсүз анын ким экенин билгибиз, ал тууралуу көп маалыматтарды алгыбыз келет. Менин чоң атам дайыма айтып калаар эле, аял менен жолугушканда,  биринчи кезекте эмнеге көңү буруш керек экенин. Анын айткандары аябагандай тууралыгына далай ирээт көзүм жетти. Аялдын кандай экенин билиш үчүн анын колуна көңүл буруу жетиштүү. Ушул  аркылуу эркек киши ал аял тууралуу дароо эле көп маалымат алып, андан эмне күтсө болоорун билип алса болот. Бул тууралуу FB.ru жазып чыкты.

Ювелир буюмдары

Биринчи кезекте, эркек киши аялдын колунда нике шакеги бар, же жок экеине көңүл бөлөт. Бирок, кээ бир эркектер чындап жагып калган аялдын үй-бүлөөлүк ал-абалына кызыкпайт. Андан соң эркек аялдын алтын-күмүштөн жасалган башка шакектерине көңүлүн бурат. Анын алтын-күмүш шакектери чоңбу, жупунубу, элеганттуубу же барпырата кооздолгонбу, ошолор аркылуу ал аялдын ким экени, кандай экени тууралуу толгон маалымат алса болот.

Кол алышуу

Маселен, эгерде бири-бириңер менен кол алышсаңар, анда дароо эле аялдын кол кысканы катуубу, же алсызбы ошого көңүл бурасыз. Чоң атам көп жолу айтаар эле, так ушул жагына өтө көңүл буруш керек деп. Аялдын кол кысканына карап,  анын энергиялуулугу жана өзүнө ишенээри канчалык деңгээлде экенин биле аласың. Ушундан эле ал аялдын чечкиндүүлүгүн жана көз карандысыздыгын аныктап алса болот.  

Тырмактары

Адатта эркектер, эгерде аялдын тырмактары айрыкча көзгө урунуп турса гана ага көңүлүн бурат. Аялдын тырмактары өтө узун, же таптакыр эле кыска, тиш менен тиштелген же нейтралдуу түскө боелгон болушу мүмкүн. Эгерде аял тырмагын тиштегилесе, анда ал өтө нервденээрин баамдоого болот. Же болбосо тырмагы узун болсо, анда ал аял үй жумуштарын жасагысы келбегендей таасир калтырат.  Маникюрунун түсү жана дизайны да ал айымдын кыйлалаган сырларын ачканга жардам берет.

Жашы

Эч кимге жашыруун эмес, жашы улгайган сайын аялдын моюну менен колдору катуу өзгөрүп кетет. Ошон үчүн, эркек аялдын колуна карап эле, айымдын  өз терисине кандай кам көрөөрүн илгиртпей билип коет. Эгер аял киши колу менен өтө көп жумуш кылса, ал дароо эле баамга түшөт.

Тыянак

Ушул факторлорду эске алып, аларды туура чечмелей алган эркек, бет алдындагы аялдын кандай экенин оңой эле билип алат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button