Эмнеге жубайлар тез ажырашып кетишет. Психологдун жообу

Аял менен эркектин үй-бүлө катары өз ара мамилесин талкуулай албагандыгы тез ажырашууга алып келет. Бул тууралуу Известия психолог Александр Шаховго шилтеме кылып жазып чыкты.

Дарыгердин айтымында, түгөйлөрдүн тил табыша албагандыгы алардын туңгуюкка кептелгендигин түшүндүрөт. Эгер алардын бири унчукпай койсо, түгөйү кайдыгер мамиле кылып жатат деп күнөөлөбөө керек. Балким, ошол учурда жубайлардын бири экинчисинин кадам жасоосун күтүп жатышы мүмкүн.

Психолог ошол учурда түгөйлөр үн катпай койбой, тескерисинче, урушуп-талашып, идиш-аяк сынса дагы баарлашууга аракет кылуу керектигине кеңеш берет.

Анын пикиринде, ошол аракеттер аял менен күйөөнүн ортосунда сезим жана үмүт бар экендигинен кабар берет. Ал эми экөө бири-бири менен сүйлөшүүнү каалабаса, мамилени улантуунун кереги жок.

Андан сырткары, никеден кийин ишке ашпай калган максаттар да үй-бүлөнү тез бузууга шарт түзөт. Ошол учурда аял менен эркек бардык маселелерин ортого салып, бирге түтүн булатышы канчалык деңгээлде зарыл экендигин салмакташы керек.