Дүйнө

Армения менен Азербайжандын чыры: калк арасында өлгөндөр бар

Өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасындагы атышуулардан улам эки жаран каза таап, 50дөй киши жаракат алды. Бул тууралуу республиканын акыйкатчысына шилтеме берип Sputnik Армения агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, адамдар жашаган бир нече аймактарда, атургай Тоолуу Карабахтын борбору деп эсептелген Степанакерт шаарында дагы учкучу жок учуучу аппараттар аркылуу аткылоо болгон.

“Эки киши каза таап, 50 киши жабыркады. Алардын арасында балдар жана аялдар бар. Инфраструктура талкаланды”, — деп айтылат кабарда.

Эске салсак, өткөн түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жеткен. Эки өлкөнүн аскерлеринин Карабахтагы атышуусуна тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button