Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 166 бейтап айыкса, 104 кишиден вирус табылды. Статистика

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 166 бейтап айыкса, 104 кишиден вирус табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Айыккандар:

Бишкек шаары – 38;
Ош шаары– 24;
Чүй облусу – 21;
Ош облусу – 43;
Талас облусу – 4;
Нарын облусу – 5;
Баткен облусу – 31.

Жуктургандар:

Бишкек шаары – 19;
Ош шаары – 8;
Чүй облусу – 6;
Ош облусу – 18;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 10;
Баткен облусу – 37.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 46 355ке жетти. Анын ичинен 42 919у ооруну жеңди. Тилекке каршы, өткөн суткада бир адам каза таап, илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 1 064тү түздү.