Дүйнө

“Мекен үчүн өлгөндөн асыл иш жок.” Пашиняндын уулу Карабахтагы согушка кетти

Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын жалгыз уулу Ашот Тоолуу Карабахтагы согушка жөнөдү. Бул тууралуу, анын энеси жана мамлекет башчынын жубайы Анна Акопян билдирди деп жазат Sputnik Армения.

“Мен ага:” Ооба, уулум форма кий да жөнө. Мен сени ушунчалык жакшы көрөм. Бирок, Мекен үчүн өлгөндөн асыл иш жок деп айттым”, – деди ал.
Акопян азыр Ашот Пашинян согуштук зонада экендигин, бирок согуштарга катыша электигин айтты. Бирок, кырдаал каалаган учурда өзгөрүшү мүмкүн.

Буга чейин Түркиянын жеке аскер компаниялары өкмөттүн колдоосу менен Азербайжан тараптагы Карабах жаңжалына катышуу үчүн Сириядагы жалданма аскерлерди тандап жаткандыгы маалымдалган. Азербайжанга жөнөтүүдө негизги маселе айрым пункттарды коргоо деп аталып, бирок аягында алар согуштук аракеттерге тартылышкан. Карабахтагы салгылашуу учурунда Азербайжан тарапта согушкан үч жалданма адам өлтүрүлгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button