Президент Сооронбай Жээнбеков добуш берди

Бүгүн, 4-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы №1327 шайлоо участогунда, тактап айтканда №5 мектеп-гимназияда добуш берди.

Эскерте кетсек, быйылкы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен кыргызстандыктар парламенттин VII чакырылышынын депутаттарын беш жылга шайлайт. Ушу тапта 120 мандат үчүн 16 саясий партия ат салышууда.

Бул күнү 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ болсо, 437 миң адам биометрикалык маалыматын тапшырбагандыктан шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңешке шайлоо чегинен аша алган, тагыраагы, жалпы добуш бергендердин санынан жети жана ар бир облустан 0,7 пайыздык босогодон өткөн партиялар келет. Өлкөдө 2 475 шайлоо участкасы ачылды, анын 45и чет өлкөлөрдө иштейт.