Кыргызстанда санариптик пенсия системасы ишке кирет

Кыргызстанда санариптик пенсия системасы ишке кирет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарына Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Анын айтымында, жаңы система 2026-жылдын 1-июлуна чейин ишке кирип, жарандарды Соцфондго милдеттүү түрдө баруудан бошотот. Анткени пенсиялар мурда эле санариптештирилген маалыматтардын негизинде проактивдүү түрдө дайындалат.
Бактияр Алиев пенсияны текшерүү, аны төлөө, ошондой эле КР Социалдык фондунун жекелештирилген эсеби жана кирешелерди эсепке алуу сыяктуу кызматтар буга чейин эле санариптештирилгенин кошумчалады.
«Бүгүнкү күндө пенсияларды төлөө процесси толугу менен санарип форматка өткөн», — деди ал.
Анын айтымында, бардык кызматтарды «Жеке кабинет» аркылуу алууга болот.
Өлкөдө учурда 800 миңге жакын пенсионер бар. Төлөмдөрдү санариптик түрдө дайындоого өтүү бюрократияны азайтып, эсептөөлөрдөгү ката кетирүү тобокелдиктерин кыскартат.



