Саясат

Шайлоо-2020. Жеңилип, жер тепкилеген партиялар эмне себептен утулду?

Укуктук талаада жашаган мамлекеттин бир бөлүгү катары жеңилгенин мойнуна алып калгандын ордуна жер тепкилеп, жыгылган күрөшкө тойбойт болуп жаткан партиялардын бейнесине сүртүмдөр:

1.Түбөлүк оппозиционер аталган Өмүрбек Текебаевдин “Ата Мекен” партиясы түбөлүк оппозицияда калчудай. Буга чейин канча шайлоо өттү, ошо Текебаевдин кезинде деле араң илинишчү парламентке, же такыр илинбей оппозицияда калчу. Жанар Акаевге өткөрүп бергени партия кадыр-баркы таптакыр нөлгө түштү. Анткени Жанардын гүлдөн-гүлгө конгон көпөлөктөй партиядан партияга секирип, саясий лидерлерди ула сатып, алмаштырганын эл көрбөйт деп ойлойбу. Анан ошондой сатылма адам башчылык кылган партияга элдин ишеними канчалык болот?

2.“Бир Бол” партиясынын лидери болсо жаш балдар менен жаш бала болуп, жаргондорду аралаштырып, “Челюсть” деген кошмо атына сыймыктангандай роликтерди чыгарды. Элдин турмушун жакшыртууга багыталган мыйзамдарды жазчу органга балдар менен жаргондошкон Сулаймановго токтолуп калган, келечекке салмактуу караган, олуттуу адамдар ишенеби. Берки балдар менен чокоюн ыргыткан окуясын эми айтпай эле коелу. Анысы аз келгенсип, партиясындагы аттуу-баштуу, тажрыйбалуу адамдардын бир тобун алмаштырып, жалаң жаштарга, анын ичинде нукура кыргыз салтын унутуп, батышчыл көз караштагы жаштарга басым жасаганы дагы көпчүлүккө жага берген жок. Анан дагы анын чоң муштум экенин, партия ичиндегилерди ошонусу менен башкарары кимди болсо деле кооптондурат да.

3.“Чоң казат” партиясынын лидерлери болсо аты аталып тургандай, чоң иштерге белсенип, чоң максаттарды ишке ашыруучу балдар мындай кызуу кандуулугу, элге жага турган жеңил-желпи пиар менен алектенгени көпчүлүк элди ирээнжитти. Ал тургай Жапыкеев баягы Мотуевден өткөн амбициялуу, эмоционалдуу турбайбы деп башташты. Партия лидери Максат Мамыткановдун Россиянын кайсы бир генералы менен сүйлөшүүсүн башкаларды кой, өздөрүнүн тарапташтарын шок кылды. Дегеле сырткы күчтөрдүн көрсөтмөсү жок иш кыла албаган коркок саясатчыларга ээ экенибиз абдан өкүндүрөт. Башкасын айтып деле кереги барбы?

4.“Республика” партиясы лидери жок ары чарпылып, бери чарпылып отуруп кыйратып иш кыла алышкан жок. Канча шайлоо өттү Бабановдун өзү, акчасы болбосо, алар кыйратып деле эч нерсе кыла албастыгы белгилүү болгон. Жок дегенде таластык деп Бабановду президенттик шайлоодо көкөлөтүп алган Талас элин Бабанов карап да койбой, Россияга кире качты эле. Эл “Республикага” ишенет, партия болсо Бабановго таянат, таянган Бабанову болсо Россияда баш калкалайт. Мына “Республиканын” бейнеси. Айтсаң, айтпасаң да ушундай.

5.“Реформа” партиясы НПОлордон куралганы көрүнүп турат. Ал эми НПОлорду болсо эл жакшы таанып-билип эле калган. Америка менен батыштын акырынан жем жеп, алардын кызыкчылыгын Кыргызстанда коргоп келет. Реформаны аймактарда киши тааныбайт, Бишкектеги АУЦанын студенттеринин колдоосуна ээ болуп, ошого сүйүнүп жүргөн бул балконскийлер мурдун чүйрүбөй, айылдыктар менен ишетегенди үйрөнүшү керек.

Калган 1 пайызга жетпеген партиялар жөнүндө сүйлөп, сөз коротуп деле кереги жок. Күчтөрүн сынашты, өтпөй калышты, эми жеңилгенди да билишсин.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button